«Манас» аэропортунда Стамбулдан келген кыргызстандыктарды тосуп алышты (фото)

Автор -

Бүгүн, 17-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

Буга чейин Стамбулдан келе турган 212 жаран «Ак кеме» мейманканасына жайгаштырылары айтылган.

Учурда КР ТИМи Бириккен Араб Эмирлигинин авиациялык бийлиги менен биргеликте биздин жарандарды алып кетүү үчүн 2020-жылдын 26-апрелинде Дубай-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатат.

Ошондой эле КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 10-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуу жетишилди.