2020-жылдын 18-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын арасында медицина кызматкерлери жок. Жаңы катталган учурлардын көбү Нарын облусунан чыккан:
Ош облусу – 5
Ош ш. – 1
Нарын облусу — 11
Оору жуктуруп алганы жаӊы аныкталгандардын төртөө аял, 13 эркек.
Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 506 учуру катталды. Анын ичинде:
Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 140
Ош ш. – 74
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 102
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 56
Ысык-Көл облусунда – 8
Жалпы катталган учурлардын ичинен – 270 аял, 236 эркек.