COVID-19: бир сутка ичинде 68 бейтап айыгып чыгып, экөө каза тапты

Автор -

Бир сутка ичинде жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, экөө каза тапты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыгып чыккандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 10
Нарын облусу – 1
Ош облусу – 42
Ош ш. – 7
Жалал-Абад облусу – 7
Баткен облусу — 1

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ал эми бир сутка ичинде коронавирустан 2 адам каза болду. Алардын бири Чүй облусунун 70 жаштагы тургуну болгон (аял киши). Анын өзүнүн өнөкөт оорулары болгон. Жана ооруканага кеч кайрылып калгандыктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Экинчиси — Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши.

Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.