Комендант бишкектиктерди велосипед теппей турууга чакырды

Автор -

Бишкекте көчөгө чыккан шаар тургундарынын велосипеддери убактылуу алынып коюлат. Бул тууралуу борбор калаа коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Ал шаардыктарды велосипед тебүүдөн карманууга чакырды.

«Өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыксаӊыздар, велосипеддериӊиздер убактылуу алынат. Жакшы аба ырайына карабастан, ата-энелерден балдары менен сейилдебөөгө суранам», — деп билдирди Бишкек  коменданты.