Коронавируска чалдыккан 8 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

Автор -
Иллюстрация

Учурда коронавируска чалдыккан бейтаптардын он алтысынын абалы оор, алардын сегизи жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 20-апрелдеги брифинг учурунда билдирди.

Жалпысынан ооруканаларда COVID-19 илдетине чалдыккан 360 бейтап дарыланууда. Алардын үч жүздөн ашыгынын абалы орточо оор жана канааттандырарлык.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети бейтап каза тапты.