Жеке ишкер: Балыкчыдагы эки имаратымды сатып, элге жардам бергиле

Автор -

Балыкчы шаарынын тургуну, жеке ишкер Урмат Барыктабасов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президент менен премьер-министрге кайрылуу жасады.

Анда коронавирус апаатынан улам чет жактарда көп кыргыз жарандары мекенине кете албай, акчасы жок кыйналып жатышкандары айтылат. Жеке ишкер өкмөттүн да каражаттан кыйналып жатканын эске салып, өз жардамын сунуштайт.

«Менин Балыкчыда эки имаратым бар, ошолорду «Кумтөр» менен келишип, саткыла.  Балыкчыда «Кумтөрдүн» ишканасы жайгашкан, керектеп алат. Сатыктан түшкөн акчаны Элиме берейин, Элдин керегине жарасын. Бир топ эле каражат болуп берет.
Элим да, өкмөт да кайтарбай эле койсун, кайтса Жаратканымдан кайтаар… Башым аман болсо, андай имараттын жүзүн салам», -деп жазган Барыктабасов.

Бөлүшүү