ИИМдин ондон ашуун кызматкери обсервацияга жаткырылды

Автор -

Ички иштер министрлигинин ондон ашуун кызматкери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу 21-апрелде мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады.

Басма сөз кызматынын инспектору Ырысгүл Жайлообекованын айтымында, алардын алгачкы анализи таза чыкты, баарынын абалы жакшы, денеси ысыган жок:

«Алар алдыңкы катарларда иштеген кызматкерлерибиз. Оорунун жайылышын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иш-чараларга катышкан. Ошондуктан обсервацияга алынды».

Обсервациядагы милиционерлер баары тең медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 590 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 216сы айыгып чыкты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиционерден коронавирус табылганы кабарланган.