Коронавирус жуктуруп алган аялдын өлүмүнөн кийин Ысык-Ата ооруканасынын дарыгерлери изоляцияга алынды. Бул тууралуу ооруканадагы булактарына таянып, Kaktus.media жазып чыкты.
Кечээ, 20-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун коронавируска чалдыккан 70 жаштагы тургуну каза тапканын билдирген.
Ал аялдын Кант шаарында жашаганы белгилүү болду. 18-апрель күнү ал ооруканага түшкөн. Буга чейин аял пневмония, гипертониялык оору, кант диабети, өнөкөт гепатит ооруларынан жабыркап келген. Ал ооруканага кеч кайрылып калгандыктан, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Аялдын инфекцияны кантип, кайдан жуктуруп алганы азырынча белгисиз болууда.
«Ал өзү мурда медик болуп иштегендиктен, баарын түшүнүп, карантиндин эрежелерин сактап келген. Эч жакка чыккан эмес, үй-бүлөсү дагы эч жакка барган эмес, үйдө тазалыкты сакташкан», — деп билдиришкен ооруканадан.
Анын үй-бүлө мүчөлөрү азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп жатышат.
Ооруканадан аялды кабыл алган, байкоо жүргүзгөн жана жардам берген бардык кызматкерлер изоляциялаганын билдиришти. Аларды обсервацияга жаткырышкан, бирок оорукананын жетекчилиги канча кызматкер, каякка жаткырылганын так айтып берген жок.
«Калган дарыгерлер, оорукана мурунку тартипте эле иштеп, бейтаптарды кабыл алып жатат», — дешкен ооруканадан.