Коронавирус: бир суткада 15 бейтап айыгып чыкты

Автор -

Бүгүн, 21-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 590 адамга жеткенин маалымдады.

Анын айтымында, бир сутка ичинде жалпысынан 15 бейтап ооруканадан айыгып чыккан:
Бишкек ш. – 4
Нарын облусу – 1
Ош облусу – 4
Ош ш. – 6

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Каза болгондор — 7.