Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн жетишилген макулдашууларынын натыйжасында, 2020-жылдын 24-апрелинде Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейстин ишке ашуусу күтүлүүдө. Бул туурасында ТИМден билдиришти.
Кыргызстандык жарандарды алып кетүү КРнын Түркиядагы чет элдик мекемелери тарабынан март айынан бери түзүлгөн тизмеге ылайык жүрөт. Биринчи кезекте мекенге кайтуу мүмкүнчүлүгү улгайган адамдарга, балдарга, аялдарга жана ден соолугунан көйгөйү бар жарандарга берилет.
Учурда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы мекемелери тарабынан жергиликтүү бийликтен кыргыз жарандарынын Түркиянын башка шаарларынан Стамбулга келишине уруксат алуу маселелери чечилүүдө.