Бишкекте коронавирустан 8-бейтап каза тапты

Автор -
676

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 22-апрелде саат 4:45те коронавирус жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге таянып, АКИpress жазды.

Анын айтымында, аял ооруканага 5-апрелде жаткырылган.

«Буга чейин ал Кеминдеги аймактык ооруканада 1-апрелден 5-апрелге чейин дарыланган. Аялда коронавирустан тышкары кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертониялык оору, жүрөк оорусу жана башкалар болгон», — деген башкы дарыгер.

Кийинчерээк Республикалык штабдан ал бейтап оор абалда келип түшкөнүн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ал жактан көз жумганын билдиришти.

Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны 8 адам болду.