Чет жактан 526 кыргыз жараны кайтып келет

Автор -

Бүгүн жана жакынкы күндөрү чет жактагы 526 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бүгүн Новосибирск шаарынан 176 жаран келсе, 24-апрелде  Стамбулдан 350 кыргызстандык жарандын келиши күтүлүүдө. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат. Мындан улам, Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарды мекендештерибизди тосуп алууга толук даярдык көрүүгө чакырды.

«Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүлөрү керек», — деди ал.

Ошондой эле, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй карантинин катуу сактоо жана жакында Түркиядан жана Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештерибиздин толук обочолонуусун көзөмөлдөөсү керектиги белгиленди.