«FactCheck»: Сегизбаевдики деген үй бажы кызматкерине таандык болуп чыкты

Автор -
405

2018-жылы социалдык тармактарда  «Орто-Сай-2» конушунда жайгашкан үч кабат үйдүн сүрөтү жарыяланып, ал хансарай Абдил Сегизбаевге таандык делип, кызуу талкуу жараткан.

Абдил Сегизбаев «Азаттыкка» берген интервьюсунда бул маалыматты четке каккан.

«Бул жалган, мен мунун артында ким турганын жакшы билем. Мени коомчулукка жек көрсөтүү максатын көздөп жатышканын түшүнөмМен «чабуулдарга» бута болуп жатканымды да түшүнөм», — деп билдирген ал.

Factcheck.kg порталы бүгүн, 22-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасына таандык деп айтылып келген үч кабат үй чынында Бажы кызматынын азыркы кызматкери, кенже лейтенант Абулхазы Самсалиевге таандык экенин жазып чыкты.

«cadastre.kg сайтындагы маалымат боюнча, үй жана жер тилкеси Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык. Менчик укугу 2019-жылдын 14-майында берилген. Демек, расмий документтер боюнча үйдүн Абдил Сегизбаевге жана Болот Сүйүнбаевге тиешеси жок… Үч кабат үйдүн азыркы ээси — Бажы кызматынын кызматкери», -деп айтылат маалыматта.