Министрлик коронавирус боюнча оң динамиканы белгиледи

Автор -

Бүгүн, 22-апрелде өткөн онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус боюнча акыркы суткада байкалган оң динамиканы белгиледи.

Анын айтымында, инфекцияны жуктуруп алган 22 жаңы учур катталса, 38 адам ооруну жеңип чыкты.

«Бүгүнкү күндө илдеттен айыгып чыккандардын саны, аны жаңы жуктуруп, ооруканага жаткандардын санынан көп болууда. Бул жакшы тенденция, мындан ары да ушундай болот деген үмүт бар», — деди аткаминер.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бардыгы 612 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 254 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 7 бейтап каза тапты. Стационарда 351 адам дарыланууда.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата катталган учурлардын жалпы санынан сакайып чыккандардын саны 41,5% түздү.