Сутка ичинде дагы 10 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Сутка ичинде дагы 10 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда, илдетке чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 157ге жеткенин айтты.

Жаңы жугузуп алган учурлардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ош облусунда – 1;
Ош шаарында – 3;
Нарын шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 3.

Анын үчөө дарыгер.