Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштайт

Автор -

Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштайт. Буга Пауль Эрлих атындагы биомедициналык каражаттар жана вакцина институту уруксат берди. Вакцинаны Майнц шаарындагы BioNTech компаниясы ойлоп тапкан. Алгачкы изилдөө сыноосуна болжол менен эки жүздөй каалоочу катышат.

Препарат алгач клеткада анан жаныбарларда натыйжалуугун көрсөтүшү керек андан кийин гана адамдарга изилденет. Изилдөө үч этаптан турат. Адистер BioNTechтин дарысынын алдын ала келечеги бар деп баалап жатышат. Препарат Pfizer фармацевтик корпорациясы менен биргеликте чыгарылууда. Бул компаниялардын гриппке каршы эмдөө жаатында биргеликте иштеген тажрыйбасы бар.

Германиялык вакцина мРНК категориясына кирет. Бул вирустардын генетикалык кодунан турган препараттардын тибине кошулат. Организмде адамдын клеткасынын күчү менен вирустук белоктордун пайда болушуна алып келет. Ал белоктор иммунитет чакырат. Мындай вакциналар салыштырмалуу арзан жана тез өндүрүлө турганы менен өтө маанилүү. Бирок мРНК вакцинасын дүйнө жүзүндө клиникалык колдонууга расмий уруксат берилген эмес.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жалпы дүйнө жүзү боюнча жыйырмадай вакцина иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Ошол учурда адамдарга алгачкы сыноо АКШ менен Кытайда башталганы белгилүү болгон. Ал эми Орусия алты вакцинаны сынап жатканын маалымдаган. Анткен менен адистер коронавирустун вакцинасын массалык түрдө колдонуу 2021-жылдын башына туура келет деп жатышат.