Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен:
Ош облусунда – 1
Ош шаарында – 1
Бишкек шаарында – 3.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 илдетин 162 медицина кызматкери жуктуруп алган.
Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.
Учурда ооруканада дарыланып жаткан медицина кызматкерлеринин саны -117.