Олег Панкратов менен Назгүл Ташпаева ээлеген кызматынан бошотулду. Себептери

Автор -
242

Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов менен президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, деп билдиришет президенттик аппараттан.

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси кызматына былтыр июль айында дайындалган. Назгүл Ташпаева болсо, быйыл январь айында кызматка келген.

«Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан бошотулду. Ташпаева өз каалоосу менен кетти», -деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү