Сапар Исаков менен Салайдин Авазов түзөтүү абактарына жеткирилди

Автор -

Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Бишкектеги №27 абакка жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме муну №1 Тергөө абагында орун бошотуу зарылдыгы келип чыкканы менен түшүндүрүштү.

«Учурда СИЗО-1дин бардык камералары толуп калды. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда отурган адамдар СИЗОго алып келиниши керек. Мындан улам жаза өтөө режими жана орду аныкталган жарандар бүгүн, 23-апрелде Чүй жана Бишкек шаарындагы абактарга жайгаштырылды. Тактап айтканда, Сапар Исаков №8 түзөтүү абагына, Салайдин Авазов №27 түзөтүү абагына жеткирилди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев өзү аларды алып кетүү кезегин күтүүдө», — деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов бул чечимди 22-апрелде Бишкектеги 1-Тергөө абагынын комиссиясы кабыл алганын айтып чыккан.

«Комиссиянын күн тартибинде соттолуучуларды абактарга бөлүштүрүү маселесин кароо жок болчу, аларды мажбур кылышты. Айрым комиссия мүчөлөрү үчөөнү тең №27 абакка бөлүү керектигин айтышты, бирок чечим мурда эле даяр болгон», -деп билдирген Токтакунов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү