Стамбулдан келген жарандан COVID-19 аныкталды

Автор -

Стамбулдан 17-апрелде алынып келинген жүргүнчүлөрдүн арасынан бир адамдан коронавирус аныкталды. Бул туурасында Штабдан билдиришти.

ПЧР анализдин жыйынтыгы анда инфекция бар экенин көрсөткөн. Мындан улам, аны менен байланышта болгон адам обсервацияга алынды.

Калган жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилди.

«Өлкөгө учуп келген жарандардын баары сурамжылоо баракчасын толтурушат, ал жакта үй карантининде болуунун шарттары көрсөтүлөт. Шарты жок жарандар 14 күнгө обсервацияга жиберилет», -деп айтылат маалыматта.