Карантинде үй-бүлөдөгү зомбулук 61,7% өстү

Автор -
274

Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,7% өстү. Бул туурасында борбор калаа коменданты Алмаз Орозалиев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды.

«Шаар тургундары, сиздерге кайрылам, бул убакыт дагы өтөт, биз үй-бүлөлөрүбүздү сактап, жакындарыбызга сабырдуу болушубуз керек», — деди комендант Орозалиев.

Ал ошондой эле, үйдөгү зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө байланыштуу кризистик борборлорду ачуу маселеси каралып жатканын белгиледи.

«Мында көп адамдар чогулушуна байланыштуу бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер сакталат. Биз бул борборлордун жана алардын тургундарынын коопсуздугун камсыздоого даярбыз», — деди ал.