Жалал-Абадда сууга түшүп кеткен 11 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Автор -

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 11 жаштагы бала сууга түшүп кетип, изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

«23-апрелде саат 17:20 чамасында Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө ишин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, 4 офицер, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Учурда издөө иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү