COVID-19 илдетин жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 183кө жетти

Автор -

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын экөөсү Бишкек шаарында иштеген медицина кызматкерлери, бирөө Ош шаарынан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 183 учур катталды. Ал эми бардык жуктурган адамдардын саны 695 адам. Алардын 395и айыгып, ооруканадан чыгарылган. Каза тапкандардын саны -8.