Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна бүгүнкүгө белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.
Анын айтымында, буга айрым жактоочулардын жана экс-президенттин отурумга келбегени себеп болгон.
«Мурунку президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунун абалынан улам, соттук отурумга катыша алган жок. Тиешелүү акт конвой кызматы аркылуу судьяга жеткирилип берилди», − дейт Жолдубаева.
Соттук отурум 29-апрель, саат 10.00гө белгиленди. Эскерте кетсек, буга чейин да соттук жараян бир нече жолу жылдырылган.