Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум дагы жылды

Автор -

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна бүгүнкүгө белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга айрым жактоочулардын жана экс-президенттин отурумга келбегени себеп болгон.

«Мурунку президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунун абалынан улам, соттук отурумга катыша алган жок. Тиешелүү акт конвой кызматы аркылуу судьяга жеткирилип берилди», − дейт Жолдубаева.

Соттук отурум 29-апрель, саат 10.00гө белгиленди. Эскерте кетсек, буга чейин да соттук жараян бир нече жолу жылдырылган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү