2020-жылдын 27-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 6
Ош ш. – 1
Ош облусу — 1
Чуй облусу – 2
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу — 2
Республика боюнча илдет жуктургандардын саны — 695. Алардын ичинен айыгып чыккандар — 395.
«Учурда ооруканада 292 адам жатат. Алардын 12си оор абалда, 7 адам реанимацияда, орточо оор абалда 22 адам жатат, 258 адамда оорунун белгилери жок», -деп билдирди министрдин орун басары. Ал эми каза болгондордун саны — 8.