Ысык-Көлдө бүгүн 2 адамдан вирус чыкты. Бирөөсү — кош бойлуу аял

Автор -
298

Бүгүн, 27-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Ысык-Көл облусунда дагы эки адамдан коронавирус табылганын маалымдады.

Saat.kg порталына өздүк булактар алардын бири Каракол шаарынын Кирпич заводунун аймагында жашаган аял экенин билдиришти. Жана ал облус боюнча 3-болуп коронавирус жуктурганы тастыкталган жарандын жубайы болуп чыкты. Учурда аялдын 5 айлык боюнда бар.

Анын күйөөсү, 30 жаштагы Ш.М. 22-март күнү Индиядан Бишкекке учуп келген. 30-мартта үй-бүлөсү менен обсервацияга алынган. Кийин анын уул-кызынан, эки балдызынан вирус табылган. Ш.М. өзү айыгып, 15-апрелде үй карантинине чыгарылган.

«Аялы балдары менен обсервацияда болчу. Буга чейин анын анализи таза чыгып келген. Бүгүн ооруканадан чыгаралы деп жатканда, акыркы анализинен вирус чыкты. Балдары үйүнө чыгарылып, өзү ооруканада калды», -деп билдиришти редакцияга.

Ал эми, облус боюнча коронавирус чыккан 10-учур Балыкчы шаарында экенин Turmush басылмасы жазды. 22 жаштагы шаар тургуну 20-апрелде таякеси менен Россиядан келип, андан бери үй карантининде болгон. 21-апрелде алынган ПЧР-тесттин жыйынтыгы бүгүн, 27-апрелде чыгып, жигитте коронавирус бар экенин көрсөткөн. Таякесинин анализи таза чыкканы менен ал дагы обсервацияга алынды.
Алар үйдө экөө гана болгонун, эч ким менен байланышта болбогонун билдиришти.

Ушуну менен Ысык-Көл облусунда 10 адамдан вирус табылды: Түп районунун эки тургунунан, Ак-Суу районунун Жолголот айылынын бир тургунунан, Каракол шаарынын Кирпич заводу аймагындагы 6 кишиден, Балыкчы шаарынын бир тургунунан. Сегиз бейтап айыгып чыгып, бүгүн катталган эки жаран ооруканада.

Бөлүшүү