Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 13 учур катталды, баары -708

Автор -

2020-жылдын 28-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды, алардын ичинде экөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 3
Чүй облусу – 6
Нарын облусу — 2
Жалал-Абад облусу — 2

Инфекция жуктурган эки медицина кызматкери тең Нарын облусунан. Учурда коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 185 адамга жетти. Өлкө боюнча илдет жуктургандардын саны — 708 адам. Ал эми дүйнөдө бул инфекцияны жуктургандар 3 миллиондон ашты.