Учурда ооруканаларда 284 бейтап калды. Алардын абалы кандай?

Автор -
202
Иллюстрация

Саламаттыкты сактоо министрлиги 28-апрелге карата ооруканаларда коронавируска чалдыккан 284 бейтап калганын билдирди.

Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 55 адамда оорунун белгилери орточо оор байкалса, 12 адам илдетти оор көтөрүүдө.

«Алардын ичинен 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат: бешөө — Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, бирөө — Ноокаттагы ооруканада», -деп билдирди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Бүгүнкү күнгө карата 416 бейтап айыгып чыкты. 8 бейтап каза тапты. Жуктургандардын жалпы саны -708.