Бишкекте турак үй өрттөнүп, 39 жаштагы жаран жабыркады

Автор -
Иллюстрация

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 29-апрелде саат 23:52де келип түшкөн.

«Биринчи май районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, куткаруучулар жеткенче өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Мындан тышкары 1981-жылы туулган Т.Р. аттуу эркек киши денесинен күйүк алып, «Тез жардам» кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда», — дешти маалымат кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү