Челябинскиде кыргыз мигранттар кытайлык жаранды тоношту

Автор -

Челябинск облусунда кыргызстандык мигранттар кытай жаранын тоноп кетишти. Кылмыш жабырлануучу иштеген теплицада болуп өткөн, деп билдирет Znak.com.

Белгисиз төрт адам Кытайдын 43 жаштагы жараны жашаган жайга 16-апрелде түн ичинде кол салышкан. Аны сабап, акчасын, телефонун жана болжол менен наркы 300 миң рубль турган жасалгаларын уурдап кетишкен.

Облустук полиция төрт кылмышкердин үчөөсүн кармады. Алардын бири 21 жаштагы жергиликтүү жаран болсо, экөө анын таанышы, Кыргызстандын 22 жана 26 жаштагы жарандары болуп чыкты. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү