Кыргызстанда карантинде 17 миңден ашык ымыркай төрөлдү

Автор -
262

Кыргызстанда карантин мезгилинде 17 миң 43 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-марттан 28-апрелге чейин өлкөдөгү төрөт үйлөрүндө 17 миң 43 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

«Алардын 68и эгиздер, бирөө үч эм. Кыздардын саны -8 495, ал эми уул балдар — 8 548», -деп айтылат маалыматта.