Ооруканаларда 276 бейтап калды. Алардын абалы кандай?

Автор -

30-апрелге карата өлкө боюнча стационарларда 276 бейтап бар. Бул туурасында бүгүнкү брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда 220 бейтап ооруну жеңил көтөрүп, абалдары канааттандыраарлык.

«Ал эми 12 адамдын абалы оор, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. 44 адамдын абалы орточо оор», -деди Акматова.

Республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 746 адамга жетти. Алардын ичинен 462 адам айыгып чыкты. 8 адам каза тапты.

Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны — 864 адам.