Тажикстан 15 адамдан коронавирус табылганын ачыктады

Автор -

Тажикстанда 15 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазды.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында илдетке кабылган адамдар бар экени пандемияны алдын алуу боюнча түзүлгөн Республикалык комиссиянын шашылыш жыйынында жарыяланган.

Чогулуш өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзоданын жетектөөсүндө өткөн. 15 кишинин 10у Хожентте, бешөө Душанбе шаарында экени айтылды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин расмий түрдө Тажикстанда коронавирус жок деп айтылып келген.

Бөлүшүү