2020-жылдын 1-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 10 учур катталды, алардын үчөө — медицина кызматкерлери. Бул туурасында КР Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек ш. – 5 (экөө медицина кызматкери)
Ош облусу — 3
Баткен облусу – 1
Нарын облусу — 1 (медицина кызматкери).
Республика боюнча илдет жуктургандардын саны 756 адамга жетти. Айыккандардын саны — 504 адам. Каза тапкандар — 8. Ооруканада жаткандардын саны —244.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 198 учур катталды, алардын ичинен 114 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.