Ош шаарында батир өрттөнүп, 61 жаштагы аял каза тапты

Автор -
Иллюстрация

Ош шаарында батирден чыккан өрттөн аял киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 30-апрелде, шаардагы Кара-Суу көчөсүндөгү жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан. Өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө саат 16:50 чамасында түшүп, жалпы 3 бөлүм жөнөтүлгөн. Жалынды саат 17:27де гана толук өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Кырсыктан батирдин 20 ч.м. бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1949-ж.т. аттуу аял киши каза болгон.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү