Россияда курулушта иштеп жаткан 30 кыргыз жараны коронавируска чалдыкты

Автор -

Россиянын Псков облусунда 30 кыргызстандык коронавирус жугузуп алды. Алардын баары Новосокольники шаарчасындагы инфекциялык бөлүмдүн курулушунда иштеп жатышкан, деп билдирди ТАСС аймак губернатору Михаил Ведерниковго шилтеме менен.

«Кыргыз жумушчулары менен болгон жагдай: 88 адам, отузу ооруга чалдыкты. Сандар дароо өйдөгө кетип, ооругандардын саны көбөйдү», – деген медицина коомчулугу менен болгон селектордук кеңешме учурунда аймак башчысы. Ал көпчүлүк оору жугузгандарда илдет жеңил өтүп жатканын, кээ биринде такыр эле белгилери байкалбаганын кошумчалады.

Псков облусунда жумушчулар арасында коронавирус чыкканы тууралуу 24-апрелде белгилүү болгон. Анда 16 адам ооруканага жаткырылган.

Новосокольникиде 80-100 орундуу инфекциялык бөлүм салынууда. Соңку маалыматтар боюнча, Псков облусунда 172 адам илдет жуктуруп, аларлын сегизи каза тапкан. 17 адам айыккан.