4-майга карата коменданттык саат учурунда 115 жаран кармалды

Автор -

4-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакытта ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 115 жаран жеткирилди.

Бир сутка ичинде 10 унаа атайын коюлуучу жайга киргизилди. Алар:
Бишкек шаары — 91;
Ош шаары — 13;
Жалал-Абад шаары — 3;
Ат-Башы району — 8.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4 миң 280 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.