Ат-Башыда аялын сабаган жаран эки айга камалды

Автор -
718

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда аялын ок атуучу курал менен коркутуп сабаган шектүү кармалып, 2 айга камалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ал эми жабырлануучу аялдын башына операция жасалып, ооруканадан чыгарылган. Учурда абалы туруктуу, эжесинин үйүндө туруп жатат.

Окуянын чоо-жайы
2020-жылдын фераль айында Ат-Башы районунун тургуну, 1980-жылы туулган А.А. аттуу аял «Теңдеш» кризистик борборуна жардам сурап кайрылган. Ал алыска жүк ташып иштеген күйөөсү такай кол көтөрүп, сабай турганын айтып, ажырашууну чечкенин билдирген.

«Жактоочудан кеп-кеңеш алган аял ажырашууга арыз жазган. Күйөөсүнүн ажырашкысы келген эмес. Соттук отурум белгиленип, бирок жолдошу келбей койгондуктан, отурум май айынын башына жылдырылган. Бул убакыт ичинде күйөөсү аялын көчөдөн кармап алып, бычак менен коркутуп, арызын албаса, өлтүрүп таштарын айтып, сабаган. Бул факт бирдиктүү реестрге катталган. Кишини кармашкан менен, сот өлкөдөн чыкпоого милдеттендирип, кое берип жиберген», — деп билдиришкен кризистик борбордон.

8-апрель күнү аял ажатканага чыкканда, күйөөсү кайра аңдып туруп кармап алган.
Аялдын жанында 5 жаштагы кызы болгон. Экөө урушуп кеткен. Сайсыз ок атуучу курал менен келген күйөөсү аялына ок чыгарууга аракет кылган, бирок болгон эмес. Мындан улам, ал аялын таш менен башка чапкылап баштаган.  Ызы-чууну уккан туугандары чыга калганда, күйөөсү качып кеткен. Аял ооруканага жаткырылган.

«Теңдеш» кризистик борбору шектүү кармала электигин, мындан улам аялдын үй-бүлөсү коркунучта экенин айтып, Нарын облустук ИИБинен жана облустук прокуратурадан шектүүнү табууга жардам сураган.

 

Бөлүшүү