Бишкекте ысык сууну 1-июнда өчүрүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу калаа вице-мэри Мирлан Амантуровго таянып, 24.kg жазып чыкты.
Анын айтымында, буга чейин ысык сууну 15-майда өчүрүү пландалып жаткан, бирок кийин мөөнөтүн жылдыруу чечимин кабыл алышты.
Мирлан Амантуров бул коронавирус боюнча жагдайга байланыштуу экенин кошумчалады. Андан сырткары, чек аралардын жабылышы менен ремонт иштерине керк болуучу жабдыктарды алып келүүдө көйгөй жаралууда.