Коронавирус: жаңы 35 учур катталды, тогузу — медицина кызматкери

Автор -

2020-жылдын 4-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учур катталды, алардын тогузу — медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан чыкты:
Бишкек ш. – 26 (алтоо медицина кызматкери)
Чүй облусу — 2
Нарын облусу – 1 (медицина кызматкери)
Жалал-Абад облусу — 5 (экөө медицина кызматкери)
Баткен облусу — 1

Республика боюнча илдет жуктургандардын саны — 830 (216 медицина кызматкери), айыгып чыккандардын саны — 575 (139 медицина кызматкери), каза тапкандар -10 (бирөө дарыгер).