Укук коргоо органдарында жалпы 27 кызматкерден вирус табылды

Автор -

Укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү арасында жалпы 27 кызматкерде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинен ону айыгып чыгарылды. Калгандары Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарылануусун улантууда.

Бүгүн, 4-майда, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 830 адамга жетти. Айыккандар — 575, каза тапкандар -10.