Коменданттык саатта эреже бузгандардын саны боюнча Бишкек алдыда

Автор -

ИИМдин маалыматына караганда, 5-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 135 жаран жеткирилди.

Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 4 унаа киргизилди.
Эреже бузгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары– 110;
Ош шаары — 11;
Жалал-Абад шаары — 8;
Ат-Башы району — 6.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4 миң 415 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.