Чет өлкөдөн келген 5 жарандан коронавирус табылды

Автор -

Коронавирус жуктурганы жаңы аныкталган 28 адамдын бешөө сырттан келген. бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бир бейтап Дубайдан учуп келген болсо, төртөө Тажикстандан келгендер. Алар – Душанбе жана Хужанд университеттеринин студенттери», — деп билдирди министрдин орун басары.

Анын айтымында, алардын баары обсервацияда болуп, ооруну жуктуруп алганы тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин аныкталган.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны — 871 адам. Айыгып чыккандар — 614. Каза тапкандар -12.

Бөлүшүү