Кыргызстанда коронавирустун жаңы 28 учуру катталды, көбү — Бишкектен

Автор -
263

2020-жылдын 6-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталды, алардын төртөө медицина кызматкери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 16
Чүй облусу — 2
Жалал-Абад облусу — 6
Баткен облусу — 4

Республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 871 адамга жетти. Алардын ичинен 614 адам айыгып чыкты.