Лейлекте таштанды өрттөнүп, 30 жаштагы жигит күйүк алды

Автор -

Лейлек районундагы Кулунду айылында таштанды өрттөнүп, бир адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Кулунду айылындагы  Ч.Айтматов көчөсүндө кечээ, 5-майда саат 18:20 чамаларында чыккан. Анда иштебеген май куюучу жайдын (АЗС) жанында 24 чарчы метр таштанды (дөңгөлөктөр) өрттөнгөн.

«Өрттүн кесепетинен 1990-жылы туулган эркек адам I жана II даражадагы күйүк жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Абалы канааттандыраарлык. Өрттүн келип чыгуусуна электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежесин сактабагандык алып келген», -деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге 1 өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлүп, саат 19:40та толугу менен өчүрүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү