Мэрия: «Ак-Өргө» конушунда ФАП жана «Тез жардам» станциясы курулууда

Автор -
212

Быйылкы жылы «Ак-Өргө» конушундагы фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.

Анын айтымында, борбордун тургундарын жеткиликтүү медициналык тейлөө менен камсыз кылуу максатында «Ак-Өргө» конушунда салынып жаткан фельдшердик-акушердик пунктту Бишкек мэриясы жана Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалы курууда.

Мындан сырткары, «Көк-Жар» конушунда жалпы аянты 2 306 чарчы метр болгон эки кабаттуу үй-бүлөлүк медицина борбору жер төлөсү менен курулуп жатат. Ал жакта 5 унаасы менен «Тез жардам» станциясы болот, ошондой эле «Ак-Өргө» конушунда «Тез жардам» станциясы курулуп жатат.