Немец окумуштуусу дүйнөдө коронавирустун дагы 2 толкуну болорун билдирди

Автор -
318

Дүйнө жүзүн коронавирус илдетинин экинчи, андан кийин үчүнчү толкуну капташы мүмкүн. Мындай пикирин Германиядагы Вирусология институтунун башчысы Лотар Вилер билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.

Институттун божомолунда дүйнө элинин 70 пайызы аталган вирус менен ооруп чыкмайынча ал улам-улам чыга берет.

«Оорунун экинчи толкуну болоорун бардыгы жакшы билишет. Бул тууралуу дүйнөнүн белгилүү адистери да айтып жатышат», — деп билдирген Вилер.

Институт башчысынын айтымында, Германиянын саламаттыкты сактоо системасы вирустун жаңы толкундарына даяр. Дарыгерлер бейтаптарды кантип дарылаш керектигин жакшы билишет. Болочокто аларга жардамга кошумча терапевттик каражаттар келе баштайт.

 

Бөлүшүү