Ысык-Көл облусуна баргандар 14 күндүк үй карантинине алынат

Автор -

Ысык-Көл облусуна башка аймактардан баргандар 14 күндүк үй карантинине жиберилет. Ал эми COVID-19 жуктурбаганы тууралуу маалымкат суралбайт. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 3-майда кабыл алынган чечимдин облус тургундарынын башка аймактарга баруусуна тыюу салуу тууралуу бөлүгү күчүндө калды. Өтө зарыл себеби барлар гана  райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат. Ал эми кирүүнү каалагандар тууралуу бөлүгүнө өзгөртүү киргизилди.

«Эми облуска кирүүнү каалагандардан COVID-19 жуктурбаганы тууралуу маалым кат талап кылынбайт. Бирок алар келген жеринде 14 күнгө үй карантинине алынат», — дешти штабдан.

Штабдан баса белгилешкендей, бул аргасыздан кабыл алынган чара, анткени коңшу облустар менен Бишкекте эпидемиологиялык абал жагымсыз бойдон калууда. Ысык-Көл облусунда жалпы 10 адам коронавирус жуктурса, учурда баары айыгып чыккан. Мындан улам, облустук штаб медиктер менен кеңешип, мындай чечим кабыл алган.