Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө 7 адамдан коронавирус аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка караганда, аталган бөлүмдө буга чейин дарыланып кеткен тогуз-торолук бейтаптан коронавирус табылган. Мындан улам, бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденген.
«ПЧР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыктады. Алар — 2 бала, 3 эне жана 2 медициналык кызматкер. Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары терс. 14 күн бою алар медиктердин көзөмөлүндө болушат», -деп айтылат маалыматта.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында, 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.
20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.